Меню
Эл-Сөздүк

АКЫЛ ЧАБУУЛУ

– бул чыгармачыл ой жүгүртүү методу. Ал адамды чектелип калуудан арылтуу аркылуу маселени жаңыча чечүү жолдорун табууга жардам берет. А. ч. интерактивдүү методдордун бири. Мында ар бир катышуучу өз ойпикирин, идеясын эркин айтат. Катышуучулар бири бирин сындашпайт, тескерисинче, толукташат. «Туура эмес» деп да, «мен сага кошула албайм» деп да айтышпайт. Туура же туура эмес деп да бааланбайт. Андыктан, окуучулар өз ойлорун эркин айтышат. Эч кандай обочолонууга жол берилбейт. Жөнөкөйлөтүп айтканда, «акыл чабуулу» ой жарыштырууга, көп жактуу ойлоого, бир нече варианттуу ойлоого, ал ойлорду салыштырууга, рационалдуу ыкманы табууга көмөктөшөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: